Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады

Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган.

Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берген.

Анда коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөткөнү айтылган. _________________________________________
Биздин сайт – https://www.azattyk.org/​
Instagram – https://www.instagram.com/azattyk.kg/​
https://www.instagram.com/azattykmedia/​
Фейсбук – https://www.facebook.com/azattyk.org​
https://www.facebook.com/azattyk​
Ютуб – https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм – https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

社会・政治ニュース動画カテゴリの最新記事